Чемпиондор Лигасы: "Реал Мадриддин" футболчуларынын оюн учурунда жайгашуусу кызуу талкууга алынууда

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюнунда Украинанын "Шахтёр Донецк" командасы өз үйүндө Испаниянын "Реал Мадрид" клубун кабыл алган.

Оюндун 56-мүнөтүндөгү "Шахтёр" командасынын ылдам каршы чабуулунда испаниялык клубдун 5 оюнчусу тең талаанын ортоңку бөлүгүндө бири-бирине жакын жайгашып калышкан. Мындан улам испаниялык клубдун коргонуусунда башаламандык жаралып, "Шахтёр" командасы гол киргизип кеткен. Дал ушул учур интернет колдонуучуларынын талкуусуна себеп болду.

"Шахтёр командасы биринчи голун киргизген учурда "Реал Мадрид" клубунун оюнчуларынын абалы кандай эле?" деп жазып сүрөт жүктөдү Esporte Interativo басылмасы.

Дагы бир окурман бул учурду Диего Марадонанын 1982-жылы Мексикада өткөн Дүйнөлүк Чемпиондугунда алдына алты бельгиялык оюнчуну топтогонуна салыштырды. "Реал Мадридден Марадонага урмат-сый", - деген жазуусун калтырган ал.

2-декабрда өткөн бул беттеш 2:0 эсебинде "Шахтёр" командасынын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Real_mir
2020-12-03 08:39:19
Пандемия учурунда дистанция кармады,болбосо бири-бирине мынданда жакын турмак.
+3
Pankration_MMA
2020-12-03 15:03:14
Байкуштар.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан