Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө каралып жаткан Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүнкү соттук отурум 9-декабрь күнгө саат 14:00гө жылдырылганы маалымдалат.
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бүгүнкү процесске Алмазбек Атамбаев менен мурдагы мэр Албек Ибраимов келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму жылдырылганын билдирди.
"Алмазбек Атамбаевдин ооруп жатканы боюнча колониянын медициналык бөлүмүнөн мөөр басылган кат келди. Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугунда бир эле эмес, бир нече көйгөйлөр бар экен", - дейт жактоочу Жоошев.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.