Орусиянын Москва шаарында Кыргызстандын жараны зордуктоо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын ИИМинин башкы башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, 29-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында укук коргоо органдарына зордуктоо кылмышы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, окуя Ратная көчөсүндө болуптур. Көп өтпөй кылмышка шектелип 25 жаштагы Кыргызстандын жана 20 жаштагы Алтай крайынын тургуну кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.