"Белекке китептер берилди". Ырчы Джоннинин заманбап үлпөт тою өтүүдө

Бүгүн, 2-декабрда "Күттүм ай" деп сыздаган ырчы Джоннинин үлпөт тою өтүүдө.

Той 16:30га белгиленип, бирок 19:00дө башталды. Ырчынын бир туугандарынын айтуусу боюнча той заманбап форматта уюштурулган. Дегенибиз ырчынын тоюнда жар-жар айтылган жок. Джонни 2-кабаттан гүл менен келип, жубайын болсо атасы өз колу менен алып келип, ырчынын колуна тапшырды.

Тойдун өзгөчөлүгү деп, белектерди айтсак болчудай. Учурда 1-2 кызыктуу оюндар ойнотулуп, белекке китептер таратылууда. Алдыда комуздардын да ойнотулуусу күтүлүүдө.

Эки жаштын жакшылыгы кандай өтүп жатканынын фото жана видеорепортажды алдыдагы сааттарда SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.

Белгилей кетсек, 29-ноябрда Джонни мырза сүйүктүүсү Айжан Нурланбекованы кыргыздын салты менен ата-энесинин колунан алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza2100
2020-12-02 21:16:03
Бактылуу болгула,
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан