Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен "100 миллион долларга беттешем" дегендей кыйытты

Бүгүн, 2-декабрда UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Москва шаарында жыйын өткөрдү. Жыйын учурунда ал ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен 100 миллион долларга кайра беттешем дегендей кыйытты.

"UFC уюмунун президенти Дана Уайт акча сунуш кылат. Ал мага кимди сунуш кылат? Макгрегор менен Порье экөөнү тең муунтуп уттум. Бул мага спорттук кызыгуумду деле жараткан жок, экөө тең мага багынып беришкен. Эшек жеңгенче ат чуркабайт.

Эгер, алар мага беттеш үчүн акча сунуштаса бул - 100 миллион доллар. Бирок, мен дагы бир жолу кайталайм, ал жакка болгон спорттук кызыгуум жок", - деди Нурмагомедов.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында "UFC 229" турниринин алкагында беттешип, анда Нурмагомедов атаандашын беттештин төртүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2020-12-02 22:46:36
Акча тагдырын чечтиби соз бергенин унутуп
+5
Nur-sultan
2020-12-03 07:06:06
Маладес. Эң тура айтыптыр. Жеңилип алып кайра - кайра ринге чакыра беришсе ошентиш керек. Оозуна толтуруп 500 миллион долларды сурап туруп алса болмок.
+7
Urmat78
2020-12-03 11:14:51
Спортсмендер спортту бизнес кылып алышты мынча акча деп
0
PROS
2020-12-03 13:00:43
Urmat78, азыр спорттун баары БИЗНЕС!!! UFC уюму Дана Уайттын бизнеси!!! Мурда өлкөнүн намысы үчүн деп спорт менен машыгышса, азыркы кезде акча табуу үчүн машыгышат!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан