Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган мыкты спортчу айым наамына ат салышууда.
Тыныбекова добуш берүүнүн биринчи баскычында япониялык балбан, Азия чемпиону Юкако Каваини артка калтырып, кийинки баскычка өттү. Кийинки баскычта Тыныбекова "Лондон-2012" жайкы олимпиада оюндарынын чемпиону, орусиялык балбан Наталья Воробьёваны атка калтырды.
Учурда Тыныбекова дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, америкалык 29 жаштагы Аделайн Грей менен финалдык баскычка өтүү үчүн ат салышууда.
Айсулуу Тыныбековага шилтеме аркылуу өтүп Stories бөлүмүнөн добуш берсеңиз болот.