UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 2021-жылдын март айында келет. Бул тууралуу мушкер өзү Москвада өткөн маалымат жыйында айтты.
"Бизде чет өлкөлөр менен түзгөн келишим көп. Март айында Бишкек шаарына барабыз. Ал эми майда Ташкент шаарына барабыз ", - деди Нурмагомедов.
Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин ал кыргыз эли менен Дагестан элинин окшоштугу - мырзалардын балбандыгында экендигин айткан.