“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, Бишкек жана Ош шаарынын ар бир бешинчи жашоочусу талап-тоноого туш болгон. Изилдөөлөрдүн негизинде Бишкектин жаңы конуштарында уурулук көп катталып, борбордогу Октябрь району эң криминалдуу деп табылыптыр. Ош шаарынын Кулатов кичи районунун жашоочулары ууруларга көп туш болушкан. Алардын 52 пайызы милицияга кайрылганын билдирсе, 13 пайызы өз күчүнө таянып, калганы тааныштарынан жардам сураганы белгилүү болду. 12 айдын ичинде талап-тоноого туш болуп милицияга кайрылгандардын 8 пайызы гана натыйжа болгонун айтышыптыр.