Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге бир канча суроолорду берди.
"Реформа тууралуу айткан сөздөрүңүздүн баары качан ишке ашат?" деп сурады Өмүркулов.
Токтогазиев: "Азыр бир долбоор өкмөттө турат. 960 миң долларга Сауд Арабиянын фонду менен Сокулукта логистикалык борбор ачылат. Ал министрликке караштуу болот. 2021-жылы биринчи жыйынтыктарды көрүүгө мүмкүн болот", - деди.
Иса Өмүркулов Тилек Токтогазиевге "көп сүйлөсөңүз эч нерсе ишке ашпайт" деп айтты.