Ленин райондук администрациясынын эки кызматкери базардагы сатуучулардан 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Бишкектин "Ош базарында" көчө жээгинде соода кылган сатуучулардан 25 миң сом алып жаткан жеринен Ленин райондук администрациясынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кызматкерлер көчө жээгинде соода кылган ар бир сатуучудан күнүнө 1000 сомдон акча алып жүрүшкөнү белгилүү болду. Бул факты боюнча учурда тергөө жүрүп жатат. 25 миң сомду сатуучу акимиат кызматкерлерине жаңы орун үчүн бермекчи болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azamatnur
2013-10-01 10:25:03
Арам акча ар бир тешигинен чыксын!!!
0
Delicacy
2013-10-01 10:32:15
Доля бербей коюшкан окшойт кармалып калгандарына караганда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан