Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында айткан сөзүндө кыйыр маани бар. Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Путин Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен карап жатканын айтты. Бул мамлекеттеги абал толук турукташа элек дегендик. Ошондуктан ал шайлоо жогорку деңгээлде өтүшүнө кызыкдар экенин белгилеп өттү. Бул анын биздеги шайлоонун жакшы өтөрүнө болгон үмүтү жана тынчсыздануусу.
Менин оюмча, биз өз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечишибиз керек. Эч ким бизге жардам бербейт. Бирөөгө үмүт артпашыбыз керек. Биз башкалардын достук мамилесин баалайбыз, бирок, көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечебиз. Баары өзүбүздөн көз каранды. Баарын мыйзам жолунда өзүбүз чече аларыбызга болгон үмүт, тынчсыздануу, жөн жерден эмес. Путиндин сөзүн алсак, ал Конституциянын келечеги же кандайдыр бир шайлоо мыйзамы тууралуу айтып жаткан жок. Алар биздеги баш аламандыктар кайдан чыгып жатканын жакшы түшүнүп турушат.
Кээ бирөөлөр Кырыз өлкөсү менен Орусияны алыстаткысы келип турушат. Бирок алардын мүдөөсү ишке ашпайт", - деп жазды Кулов.
Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясы 2-декабрда өткөн. Анда Путин: "Кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуяларды тынчсыздануу менен карап жатабыз. Бирок абалдын турукташып жатканына кубанычтабыз. Ошондой эле, биз, эл аралык келишимдердин Кыргыз өлкөсү тарабынан сакталып жаткандыгын көрүп жатабыз. Өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги жана Жамааттык коопсуздук кеңешиндеги туруктуу позициясы бизди абдан канааттандырат", - деп айткан.