Депутат Икрамов айыл чарба министрине: "Чет мамлекеттерге эркек малды экспорттоо керек"

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Тазабек Икрамов айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге чет мамлекеттерге эркек малды экспорттоо керек экендигин айтты.

"Бүгүнкү күндө малды сырткы мамлекеттерге чыгарууну токтотуп койгон маселе боюнча кайрылуулар келип жатат. Тыюу салууларды койдуңар бир жагынан туура болуп жаткандырсыңар, экинчи жагынан Өзбекстан, Тажикстанга эркек малдарды чыгаруу керек", - деди Икрамов.

Тилек Токтогазиев: "Кээ бир учурда ургачы малды эркек деп, чыгарып салган учурлар болуп жатат. Негизи сиздин сунушуңуз туура. Бул маселени карап чыгуу керек", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aizada2020
2020-12-03 16:28:16
соз десе суйлой береби ушу
+3
Kattaldym
2020-12-03 16:54:24
Анекдот го өзүнчө эле).
+2
Chungyz
2020-12-03 17:01:50
Эшектерди да сурап койгула калыптырбы
+1
Kattaldym
2020-12-03 17:04:17
Chungyz,эркек тай экен деп өткөзүп жиберишиптир).
+3
Zynk.kg
2020-12-03 20:05:05
Кыргызстанда малдаргада кыйын болуп калды жашоо
+2
Invests
2020-12-03 21:51:29
Текени саткыла тажикстанга
+2
Invests
2020-12-03 21:52:40
120 буканы да саткыла
+2
Akyl78.1501
2020-12-03 22:00:05
Ушу Тайгаралык оозум бар деп эле сүйлөй беретда атаңдын көрү. Өзү бул мурда Россиянын гражданы эле кантип депутат болуп калды. Башы бир демкеге жетпеген бир бала эле атаңдын көрү.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан