Жактоочу: "АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилиги мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп жатат"

Кечээ, 2-декабрда АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши тууралуу комментарий бергени маалымдалган.
Анда АКШ элчилиги Матраимовдун ишин иликтөөгө эми коррупциялашкан шериктер кирет деп белгилеген. "Бул боюнча жүргүзүлгөн тергөө жана жоопко тартуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт", - деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Буга байланыштуу жактоочу Азиз Канатбек телеканалдардын биринде төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
"Райымбек Матраимов боюнча АКШ элчилиги оюн билдирип, ал камалышы керек экендигин белгиледи. Эң кызыгы, биз суверендүү, көз карандысыз мамлекет болуп эсептелебиз. Ага карабастан "Азаттыктын", "Клооптун" артында биз турабыз деп эле ачык айтып коюшса болмок. Биздин соттук системге кийлигишип жатканы жаман, туура эмес. Аргентинанын президентинин: "Бир гана мамлекетте төңкөрүш болгон жок. Ал Америка. Анткени ал өлкөдө АКШнын элчилиги жок" , - деп айткан сөзү бар. А бизде алар түздөн-түз мамлекеттин ичинде мамлекет болуп жатышат" , - дейт Канатбек Азиз.
Жактоочу: "АКШ элчилигинин биздин сот системибизге киришип жатканы туура эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
States
2020-12-03 23:50:14
Койчу алтыным кыргызга Америка душман эмес кыргызга кыргыз душман . Ооба Раим камалыш керек Аны элдин баары билет Америка туура эле айтыптыр . Азаттыктан башка ким жазат кыргыздын нанын уурдагандарды ?
+14
Pankration_MMA
2020-12-04 00:02:24
Эң туура, акш биздин өлкөдө өзүнчө бир бандит, мафия мамлекет. Азаттык клоопторду колдонуп болушунча эки жүздүүлөнүп, мамлекетке ушак салып отурат...
-8
Sara1993
2020-12-04 10:13:34
Матраимов камалсын, АКШ туура айтат.
+1
Jelezo
2020-12-04 11:45:04
Ашыкча бир сөз жок мамлекетке зыяны тийгидей,Раимди кайсыл мыйзам боюнча эркиндике чыгардыңар ошого жооп берчи юрист болсоң мен карапайым эле адамын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан