Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагында Евро-5 күйүүчү майына 5 жыл

2015-жылы Кыргызстанда "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы биринчилерден болуп айдоочуларга Евро-5 классындагы суюлтулган газды, бензин жана дизелди сата баштаган. Бул эң жогорку экологиялык таза күйүүчү май, ал Европа жана Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө колдонулат. Евро-5 күйүүчү майынын зыяндуулугу абага Евро-2ге караганда 50 эсе аз. Ал эми Евро-4кө караганда 5 эсеге аз.

Евро-2 жана Евро-5 классындагы күйүүчү майынын салыштырмалуу таблицасы:

Көрсөткүч

Евро-2

Евро-5

Губкин атындагы Орусия мамлекеттик мунай жана газ университетинин доценти, техникалык илимдердин кандидаты Леонид Багдасаров

Күкүрт (мг/кг), көп эмес

500

10

Отун күйгөндө күкүрт кычкыл газы суу менен реакция болуп, күкүрт жана күкүрт кислоталарын пайда кылат. Бул кислоталар өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизип, өз кезегинде чөйрөнү сактоо үчүн көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтек бөлүп чыгарат.

Бензол (%), көп эмес

5

1

Күйүүчү май күйгөндө канцероген заты пайда болот. Анын бөлүкчөсү нымдуу топуракка сиңет. Күйүүчү майда бензол канчалык көп болсо, ошондон чыккан түтүн адамдын дем ​​алуусуна коркунуч жаратат.

Көмүртек (%), көп эмес

Чектөөлөр жок

35

“Көмүртек толуолунун мисалында алсак, бул кыйла жогорку сапаттагы өндүрүш, бирок анын курамында суутек салыштырмалуу аз. Бирок биз суутекке бай өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз, анткени ал күйгөндө жылуулук пайда болуп, айлана-чөйрөгө толугу менен коопсуз болот.

.

Евро-5 стандарттарына жооп берүү үчүн жана сапатына кепилдик болуу үчүн “Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагынын күйүүчү майлары ташып келүүдөгү бардык учурларда жана аны керектөөчүгө жеткирүүчү бардык жерлерде текшеришет.

  • Омск шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо өндүрүлөт жана жөнөтүлөт.

  • Кыргызстанга алып келүүдө - Канттагы "Газпром нефть Азия" компаниясынын нефтпродуктуларынын сапатын сыноо лабораториясында күйүүчү май 11 жолу, дизель 8 жолу текшерилет.
  • "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагында - күйүүчү майдын бардык түрлөрү кеминде айында бир жолу лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлөт.

"Газпром нефть Азия" компаниясынын директорунун орун басары Алишер Жолчуев "Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы Омск шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводунан Евро-5 күйүүчү майын сатып алат. Мындай күйүүчү майды сатып алган айдоочулар өздөрүнүн ден соолугуна жана жалпы республиканын экологиясына жоопкерчиликтүү мамиле кылган болот. Бул күйүүчү майдын курамында күкүрттүн миңден бир гана бөлүгү бар. Бул Евро-5 классы менен жүргөн 50 унаа экинчи класстагы күйүүчү май менен иштеген 1 унаага караганда абага зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарат дегенди билдирет", - деди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан