Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеште башкаруу формасы боюнча референдум тууралуу долбоор каралып жатат.
Депутат Акылбек Жапаров референдумду президенттик шайлоо менен биргеликте 10-январда өткөрүү сунушталып жатканын айтты.
"Референдум президенттик шайлоо менен биргеликте өтө турган болсо 4 миллион 138 миң сом сарпталат. Эгерде референдум өзүнчө өтө турган болсо 270-450 миллион сомдой акча кетет", - деди ал.