- Албетте, аян, түш деген баалуулуктар манасчыга, манасчылыкка берилген "путёвка" (жолдомо). Бирок негизги башаты дагы. Мен эки чоң түш көрдүм. Бирин ордодон устатым аралаштырып көрсөткөн өң түш. Экинчиси Уркаш Мамбеталиев түшүмдө бата берген. Ошол эки көрүнүш менин негизги тумарым.
- Азыркы учурдагы элибиздин манас угуу маданияты тууралуу айтып өтсөңүз?
- Бүгүн эл калыптанып калды, өзүбүздүн угармандарыбыз бар. Албетте, жамы журт уга албайт, анын себеби өтө көп. Биринчиси, мен эл уюта турган манасчы эмесмин, кемчилигим өтө көп. Экинчиси техниканын, маалыматтардын доору. Салттуу эл кыдырып айтсаң жандуу уккан эл аз, аудио жана видео кылып койсоң шүгүр жүз миңдеген киши көрөт.
- Учурда технологиянын заманы болуп жатпайбы. Ар бир мүнөт сайын жаңы компьютердик программалар, техникалар чыгып жатат. Талапка ылайык, "Манас" эпосун эл арасына жайылтууда кандай иштерди жасаса болот?
- Ал эми пропаганда иши ар кыл тармактан болуп жатат. Бир чоң долбоор мен алып барган Кундуз Аманованын автордук долбоору "Манас таануу", ал эми социалдык тармактардагы онлайн жолугушуулар сыяктуу теледеги, радиодогу эфирлер бар. Кино, мультфилимдер иштелип жатат. Эң чоңу интернет тиркеме иштеп жатышат азыр. Буюрса, бүтсө жаңылык болот деп ишенем.
- Илгери адамды акыркы сапарга узатуу жаназасында "Манастан" үзүндү айтылчу, кийин мындай көрүнүш жокко эсе болуп калган деп бир басылмалардан окуп калгам. Ушул жөнүндө дагы кеп курсаңыз.
- Ооба, өз заманында сөөк чыгып жатканда айттырчу экен. Бул маалыматты тарыхый булактар, элдик санжыралар далилдеп турат. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев керээз кылып кеткен экен. "Кетерде, сөөгүм чыгып жатканда манас айтылсын" деп, ошондон бери айтылып жүрөт. Мен Болот Шамшиевге, Турсун Уралиевге, Сапарбек Касмамбетовго коштошуу зыйнатында манас айттым.
- Бул убакытка чейин эң узак канча саат манас айткансыз?
- Эң узак 2016-жылы болушу керек. "Дасмия" комплексинде өткөн 7 күн, 7 түн манас айтуу иш-чарасында 6 сааттан ашуун айткам.
- Чыгармачылык сиз үчүн...
- Чыгармачылык мен үчүн бакыт дагы, азап дагы. Себеби эргүү келгенде баладай сүйүнүп жетине албай калсаң, эл алдына чыгардагы сүр азаптын өзү да. Анан өнөрпөз деген атты көтөрүнүп жүрүш өзү эле чоң жүк, дегеним, эл көзүндө жашаш өтө чоң жоопкерчилик.
- Өнөр жаатында устат-шакирт түшүнүгү эриш-аркак жүрөт эмеспи. Устаттарыңыз жөнүндө баян кылсаңыз?
- Сөзсүз да. Устат-шакирт мектебинен өтпөй бул өнөрдү аркалап, көтөрүп кетиш өтө кыйын. Себеби ылайланган булактын көзүн ачсаң бат тазарат дагы тимеле оргуп кайнай баштайт эмеспи, манасчылык деле ошол сыяктуу. Биринчи Устатым Ашыр эжем болду, андан кийин таасирленип, дем берип Асанкан агай шыктандырды. 13 жашымдан бери ээрчитип жүргөн Устатым Кыргыз улуттук "Манас ордо" комплексинин манасчысы Камил Мамадалиев 12 жылдан бери таптап келе жатат. Менин ушул калыпка түшүшүмө, азыноолак элге аралашуума дээрлик Устатым Камил себепкер. Айтуу ыкмадан баштап адамдык асыл сапаттар сыяктуу бүкүл критерийлерди ошол кишилерден үйрөндүм. Азыр деле манасчылыктын табиятына таандык болгон дин, кайып-касиети өңдүү ички функцияларды өздөштүрүп келе жатам. Али жанымдай элекпиз. Ар сабак өзүнчө ачылыш.
- "Манас" эпосуна токтоло өтсөңүз. Эпостун канча варианты бар, канча каарман сүрөттөлөт?
- Эпостун 80ге чукул варианты бар, классикалык вариант деп окумуштуулар Сагынбай Орозбак уулунун, Саякбай Каралаевдин, Жусуп Мамайдын вариантын белгилешет. Дээрлик эпостун варианттарында 600дөн ашык адам аттары, каармандар айтылат. Андан тышкары тулпарлар, курал-жарактар, жер-суу аттары, адамзат тарыхындагы орток тарыхтар айтылат. Анан дагы кызыгы ар бир окуянын артында сабактар, насааттар катылып отурат. Бир далили Манас атабыздын хан болуп туруп аскердин катарына кошулуп чоң казатка барганы эмне деген керемет...
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Чыгармачылык бийиктиктерди багынта бериңиз!