Кечээ, 3-декабрда Европа Лигасынын алкагында лонлондук "Арсенал" командасы өз үйүндө Австриянын "Рапид" командасын кабыл алды.
Оюнга лондондуктардын күйөрмандары катышты. Бул тогуз айдын ичинде англиялык стадиондордо көрүүчүлөр катышкан биринчи оюн. Март айынын башында Англияда коронавирустун айынан футболдук мелдештер үзгүлтүккө учураган. Жай айында оюндар кайрадан улантылып, бирок көрүүчүлөргө уруксат берилген эмес.
"Арсенал" - "Рапид" (4:1);
Голдор: Александр Ляказетт (10-м), Пабло Мари Вильяр (18-м), Эдвард Нкетиа (44-м), Китагава Коя (47-м), Имил Смит-Роу (66-м).