Кыргыз мушкери Алтынбек Мамашов 18-декабрь күнү Орусияда өтө турган "АСА 116" турниринде панкратион боюнча Москванын чемпиону, күчтүү делинген Виталий Слипенко менен беттешет.
Алтынбек Мамашов карьерасында жалпы 14 беттеш өткөрсө бардыгында жеңишке жетишкен. Ал эми анын атаандашы Слипенко 15 беттеш өткөрсө, 12синде жеңүүчү аталып, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
26 жаштагы Виталий Слипенко кубаттуу соккулары менен белгилүү.