Жумгал районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Нарын ОИИБинен билдиришти. Милицияга Жылан-Арык айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 10-сентябрь күнү белгисиз бирөө саат 02:00 чамасында 15 жаштагы карындашы жаткан бөлмөнүн терезесинен кирип, аны бычак менен коркутуп зордуктоого аракет жасаганын айткан. Бул факты боюнча милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш- чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип ошол эле айылдын тургуну 30 жаштагы К.Б. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.