АКШ президенттигине талапкер Жо Байден атаандашы, учурдагы президент Дональд Трампты өзүнүн инаугурациясына чакырганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын 46-президентинин ант берүүсү 2021-жылдын 20-январында өтөт.
Ошондой эле маалыматта Жо Байден жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде: "Трамп инаугурацияга келбесе деле мага баары бир. Бирок ал катышса, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн символикалык мааниси болот", - деген оюн билдиргени жазылган.
Маалым болгондой, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Добуштардын саны боюнча Жо Байден алдыга чыгып, ал өзүн жеңүүчү деп атаганы менен, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп оппонентинин жеңишин алгачкы күндөрү кабыл албай, сотко кайрылганы жазылган.
Ага карабастан Жо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышкан. Мындан тышкары, көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны жеңиши менен куттукташкан.