АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси кылмыштуу топтордун ишин тергөөгө жардам сунуштады

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу 3-декабрда видеобайланыш аркылуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөштү. Анда саясий жана экономикалык кызматташтык маселелери талкууланганын элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүдө элчи АКШ бийлиги сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларга убакыт берүүнү жана аны Венеция комиссиясына жөнөтүү боюнча кыргыз бийлигинин ниетин кубаттай турганын билдирген.

Ошол эле учурда элчи уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө козголгон иштерди тергөөгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле кылмыштуу топтордун эл аралык түйүндөрүн жок кылууга АКШнын укук коргоо органдарынын жардамын сунуштаганы жазылган маалыматта.

Мындан тышкары министр Руслан Казакбаев COVID-19га каршы күрөшүү алкагында көрсөтүлгөн техникалык көмөгү, пандемия маалында жөнөткөн гуманитардык жардамы үчүн АКШга ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан