"Атаандаш жакындап келүүдө". Айсулуу Тыныбекова UWW'нын мыкты спортчу айым наамында финалга чыкты

Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган мыкты спортчу айым наамына ат салышууда.

Тыныбекова добуш берүүнүн биринчи баскычында япониялык балбан, Азия чемпиону Юкако Каваини артка калтырып, кийинки баскычка өттү. Кийинки баскычта Тыныбекова "Лондон-2012" жайкы олимпиада оюндарынын чемпиону, орусиялык балбан Наталья Воробьёваны артка калтырды. Жарым финалдык беттеште Тыныбекова дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, америкалык 29 жаштагы Аделайн Грейди ашып өттү.

Финалдык баскычта Тыныбекова "Рио-2016" Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышууда.

Айсулуу Тыныбекова алдыда келе жатканы менен, индиялык балбан акырындап жакындап келүүдө.

Айсулуу Тыныбековага шилтеме аркылуу өтүп Stories бөлүмүнөн добуш берсеңиз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhaynak
2020-12-04 13:00:36
Ийгилик
+3
Mubarak
2020-12-04 13:08:50
Мен добуш бере албадым колунан келгендер добуш бериниздер кыргыздын намысы учун
+4
cher2
2020-12-04 14:09:36
мен да бералбадым жаль
+1
Kyial9094
2020-12-04 15:22:45
cher2, кантип берсе болот экен добушту?
+1
ABAkg86
2020-12-04 19:53:27
Урааа!!! Айсулуу женишке жетти!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан