Жактоочу: "Бүгүн соттук отурумда Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарууну суранабыз"

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Соттук отурум саат 15:00гө белгиленген. Анда алар айыпталуучуларды үй камагына чыгарууну өтүнүшөт.

Алар Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asanali
2020-12-05 04:10:55
Амей кайсы кылык жоругу учун уй камагына чыгат, бир экоо каттуу кыйкырып койсо эле уй камагына чыгара бериш керекби. Кылмыш кылдыбы отурсун,олкону сазга батырышты убагында, Эми жооп берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан