Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган мыкты спортчу айым наамына ат салышууда.
Айсулуу Тыныбековага добуш берүү үчүн сиз Инстаграм социалдык тармакта баракчаңыз болушу керек. Инсаграмдын издөө бөлүмүнөн Unitedworldwrestling баракчасына киресиз.
Баракчаны ачкандан кийин Stories бөлүмүнө өтүп Айсулуу Тыныбековага добуш берсеңиз болот.
Финалдык бөлүктө Тыныбекова "Рио-2016" Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу, 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында алтын медалга ээ болгон индиялык Винеш Пхогат менен ат салышууда.
Айсулуу Тыныбекова алдыда келе жатканы менен, индиялык балбан акырындап жакындап келүүдө. Жыйынтык төрт сааттан кийин чыгат.