Радиожыштыктарды сатууга байланыштуу камакка алынган Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 2-декабрындагы токтому менен, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын бөлүм башчысынын өтүнүчү канааттандырылды жана шектүү Н.Н.Черногубовага карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Черногубова Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен сүйлөшүп, байланыш стандарттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу радиожыштыктарды сатуу боюнча уюлдук операторлордун биринин лицензиясын кайра берген деп айыпталып, 12-майда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.