Өкмөт Өзбекстан менен чектешкен Дейрес-Сай айылындагы курулуш боюнча түшүндүрмө берди. Жергиликтүү жашоочулар эмне дейт?

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Дейрес-Сай айылындагы чек арада инженердик-техникалык курулуш боюнча бүгүн, 4-декабрда өкмөт түшүндүрмө берди. Бул тууралуу маалымат аталган мекеминин расмий сайтына жарыяланды.

"Аталган тилке 2017-жылдын 5-сентябрында Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстан мамлекетинин ортосундагы макулдашууларына ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу тилкедеги инженердик иштердин жүргүзүлүшү аймактын бүтүндүгүн бузууга жатпайт.

Мамлекеттик органдын өкүлдөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Дейрес-Сай айылына барышып, жергиликтүү тургундарга кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен. Учурда айылдагы абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

Бул арада SUPER.KG порталы жергиликтүү тургундар менен байланышып, айылдагы бүгүнкү абал боюнча маалымат алдык. Дейрес-Сай айылынынын жашоочусу Курсант Кадыров төмөнкүлөргө токтолду.

"Дейрес-Сай айылы Өзбекстан менен чектешкен айыл. Көп жылдан бери жашап келебиз. Жакынкы жылдарда эле айылдын бир топ жери коңшулаш өлкөгө өтүп кетти. Бул жерде канчалаган эл эч жакка көчпөстөн чек арада жашап жатат. Бир күн мурда Өзбек тараптын аскерлери келип биз жакка жол сала баштады. Мурда Кыргыз өлкөсүнө караган тоо эми Өзбекстандын карамагына өтүп жатат. Ортодогу тоо коңшулаш мамлекетке өтүп кетсе, алардын аскерлери үчүн аябай жакшы "турак" болот. Себеби, ал тоодон биздин айылда кимдин эмне кылып жатканы, чек ара заставасында кандай иштер жүрүп жатканынан бери көрүнөт. Ал эми учурда айыл тынч эле, ар ким өз турмушу менен алек. Бул маселени ким келип чечип берет, ал белгисиз. Карапайым элдин үнүн уккан эч ким жок",- дейт Кадыров.

Белгилей кетсек, кечээ 3-декабрда Дейрес-Сай айылынын тургундары интернет аркылуу бийликке кайрылуу жасап, аталган аймактагы жер тилкелеринин көбү Өзбекстанга өтүп кеткендигин айтып нааразы болушкан видео жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2020-12-04 22:39:25
Ошондо не болду, өзбөктөргө сала береби үйлөрүн
+5
aslan_akjol89
2020-12-05 08:33:42
Садыкем мн Ташикем кокуй кыйратат чек араны дегендер сосканарды дальше эме бергиле эми.
+8
nur_zhoni
2020-12-05 21:00:36
aslan_akjol89, жакшылап окуп чыкда 2017жылы деп турат, аша же соке койгон колду садыр жапаров менен камчыбек ташиевдей Эл учун иштеген бир адамды айтчы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан