АКШнын Миннесоте штатында "Bellanca Viking" үлгүсүндөгү бир кыймылдаткычтуу учак трассага шашылыш түрдө конуп, унаа менен сүзүшүп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учуу мезгилинде учактын башкаруу кыймылдаткычы иштебей калган, буга байланыштуу учкуч унаа жолуна авариялык абалда конууга аргасыз болгон.
"Окуя болгон жерге атайын кызматкерлер барышып, бардык күбө болгондордун абалын текшеришкен. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес", - деп жазылат маалыматта.