Айсулуу Тыныбекова: "Кыргыз элим жеңди. Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам"

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жүргүзгөн "мыкты спортчу айым" наамында жеңүүчү аталды. Дүйнөнүн мыкты 16 балбан кызы катышкан бул сурамжылоодо Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткенине кубанганынан көзүнө жаш алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик бүгүн.Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!", - деп жазды Тыныбекова.

Финалдык сурамжылоого жалпы 292 миң 896 адам катышып, анын 170 миң 989у Айсулуу Тыныбековага добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bessmertiy
2020-12-04 20:20:50
Куттуктайм балбан кыз!
+19
algakaray
2020-12-04 20:24:31
Куттуктайбыз чын журоктон!!! Менин кызымдын аты да Айсулуу.
+14
Nargizab
2020-12-04 20:26:01
Куттуктайм молодец балбан кыз.
+11
Alia82
2020-12-04 20:35:29
Азаматсын, сени мн сыймыктанабыз, алга!!!
+11
Baatirbek81
2020-12-04 21:47:57
Азаматсың чын ден соолук уузун өмүр каалайбыз!
Үй бүлөөлүк бакыт консун ар дайым!!!
+7
NURSAPAR
2020-12-04 22:03:36
Азаматсың!!! Алга Алтынай!!! КЫРГЫЗДЫН СЫЙМЫГЫ!!! Үй бүлөөлүк бакыт каалайм!!!
+5
azamat_tabaldiev
2020-12-04 22:07:09
Айсулуу жаным ушунчалык уважать этем атайын Оштон бардым эле тел таап чалсам албадын аялым жанымда болчу менде бокс боюнча разряд бар бирок дальше улантпадым азыр чон кызым футбол боюнча сборныйга кабыл алынды жанында алып журсон болобу себеби спорт есть спорт просто курошко болбой калды да ключицасы сынып азыр восстановлиеде
+9
asyl1998
2020-12-04 23:10:38
Молодец
+2
Mubarak
2020-12-05 09:30:06
Ураааа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан