Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбор калаадагы мыйзамсыз орнотулган объектилерди алып салуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз орнотулган объектилер менен күрөшүүдө шаар тургундары көп салым кошууда.
"Шаар тургундары буга чейин көрсөтүлгөн ишеним номерине кайрылышканы боюнча 3-кичи райондогу темир тосмолор жана 5-кичи райондогу 71/1 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз унаа тосмолорун орнотушкандыгы белгилүү болду. Ошондой эле Тунгуч районунда соода кылуучу 4 пункт, бастырма жана уруксаты жок бир павильон бузулду. "Ала-Тоо" аянтындагы оюн курулмалары жана башка бир катар конструкциялар мыйзамсыз орнотулганы аныкталды. Ыкчам топтун түшүндүрүү иштеринен кийин объектилердин ээлери мыйзам бузгандыгын моюндарына алып, аларды алып салмай болушту", - деп жазылат маалыматта.
Мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз төмөнкү номерге чалсаңыз болот: 0777147493.