Тышкы иштер министрлиги БУУдан шайлоону өткөрүүдө техникалык жардам көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү учурдагы саясий өзгөрүүлөр, атап айтканда конституциялык реформа, ошондой эле БУУнун Кыргыз өлкөсүнө жардамы болду. Казакбаев Баш мыйзамды кабыл алуу, ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландары жөнүндө айтып берди. Буга байланыштуу министр ушул жалпы улуттук иш-чараларды өткөрүүдө техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору конституциялык реформанын алкагында иштелип жаткан документтердин сапатын жакшыртууда жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.