Англия Премьер Лигасы: "3 мүнөттө 2 гол". "Манчестер Юнайтед" конокто 3:1 эсебинде жеңишке ээ болду

Англия Премьер Лигасынын (АПЛ) 11-турунун алкагында "Манчестер Юнайтед" конокто "Вест Хэм" командасы менен ойноп жеңишке ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Оюн кечээ, 5-декабрь күнү болуп 3:1 эсеби менен конокто "Манчестер Юнайтед" командасынын жеңиши менен аяктады. Жеңүүчүлөрдүн арасынан Пол Погба, Мейсон Гринвуд жана Маркус Рашфорд гол киргизсе, биринчи эки гол үч мүнөттүн ичинде экинчи таймда киргизилди.
Үй ээлеринин дарбазасына Томас Соучек гол киргизди.
Муну менен "Манчестер Юнайтед" командасы 19 упай топтоп чемпиондукта 4-орунга чыгууга мүмкүнчүлүк алды. "Вест Хэм" 17 упай менен, жетинчи орунда. Ал эми 12-декабрда "Манчестер Юнайтед" өз үйүндө "Манчестер Сити" командасы менен ойнойт. Бир күн мурун "Вест Хэм" клубу "Лидс" менен беттешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан