Англия Премьер Лигасы: "Манчестер Сити" командасы биринчи жолу эки оюнда катары менен жеңишке жетти

Англия Премьер Лигасынын 11-турунда "Манчестер Сити" командасы өз үйүндө "Фулхэм" клубун кабыл алып, 2:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Оюн кечээ, 5-декабрда орун алып, 2: 0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөрдүн арасынан Кевин де Брюйне менен Рахим Стерлинг гол киргизишти. Эки гол тең биринчи таймда киргизилген.
Муну менен "Манчестер Сити" командасы 18 упай топтоп жана турнирдик жадыбалда төртүнчү орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк алды. Клуб ушул сезондо биринчи жолу катары менен эки беттеште жеңишке жетишти.
Премьер-Лигада жаңы оюн көрсөтүп жаткан "Фулхэм" жети упайга ээ болуп, 17-орунда турат.
Кийинки турда "Манчестер Сити" "Манчестер Юнайтед" менен конокто ойнойт. Ал эми "Фулхэм" бир күндөн кийин өз үйүндө "Ливерпулду" кабыл алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан