Быйыл 40 тонна пахта, 60 тоннанын тегерегинде кургатылган өрүк, кара өрүк АКШ, Германия, Швейцария сыяктуу өлкөлөргө экспортко чыгарылды

Быйыл 40 тонна пахта, 60 тоннанын тегерегинде кургатылган өрүк, кара өрүк АКШ, Германия, Швейцария сыяктуу өлкөлөргө экспортко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Органикалык айыл чарбасы департаментинин директору Жанаркан Бакиров билдирди.

Маалыматка ылайык, комитет жыйынында “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Нурбек Алимбеков экологиялык жактан таза, органикалык жер-жемиштерди өстүрүү республика үчүн эң артыкчылыктуу багыт экенин айтып, бул боюнча ишти дагы да жандандырууну, депутат Рада Туманбаева базарларда пестициддердин сатылышын көзөмөлдөө боюнча рейддерди уюштурууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2020-12-07 16:40:47
Пахтаны канчадан чыгарып жатышат? Ортомчулар 47-48сомдун тегерегинде алышты дыйкандардан.
0
Shekeev969798
2020-12-07 16:51:33
zhaynak,47 48 сомдон алганы ал чийки пахта, переработка кылып престегенде 60% эле массасы калат, Пахта заводду аю фирмасы менчиктеп алган экен мамлекетке откоргуло
0
Nur-sultan
2020-12-07 17:01:10
Shekeev969798,бир фура пахта экспорттоп жатыпбыз да болгону э. Ошол пахдан шейшеп, кийим тикчү жиптерди өзүбүз чыгарып өзүбүз керектесек болмок сырттан сатып албай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан