"Укмуштуудай үн болду". Дана Уайт UFC'де болгон нокаут жөнүндө оюн айтты

Кечээ, 6-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC Vegas 16" турнири болуп өттү. Турнирдин негизги карддык беттешинде жеңил салмакта америкалык мушкер Жош Ливитт тажрыйбалуу Мэтт Уиманды болгону 22 секундда укмуштуудай нокаутка учуратты.

Беттештен кийин UFC уюмунун президенти Дана Уайт Уимандын ден соолугу жайында экендигин айтты.

"Уимандын ден соолугу жайында. Бул мен көргөн эң оор нокауттардын бири болду. Ал көтөрүп чапканда өтө таң калычтуу үн угулду. Бул абдан кызыктай болду. Уимандын жакшы экенине кубанычтамын", - деген Уайт.

Бул нокауту үчүн Жош Ливит кошумча 50 миң доллар гонорар алды.

UFCде укмуштуудай нокаут орун алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан