Атактуу жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер рингге кайтып келерин жарыялады
Америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер YouTube блогери Логан Полго каршы беттеште рингге кайтып келерин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, беттеш 2021-жылдын 20-февралында болот. Азырынча мушташ өтө турган жер жарыялана элек. Эфирдин баасы 24,99 долларды түзөт.
Белгилей кетсек, 43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен (анын 27си нокаут менен).