Жеткиликтүү жана көрүнүктүү: Кыргызстанда көйгөйлүү аймактар көрсөтүлгөн экокарта иштелип чыкты

Кыргызстанда көйгөйлүү аймактар көрсөтүлгөн экокарта иштелип чыкты. Картага экологиялык бузулуулар жөнүндө маалыматтарды фото-видеоматериалдары менен кошо өлкөнүн ар бир жараны жайгаштыра алат.

Бишкекте “Экологиялык чечимдер институту” коомдук фондунун жаңы долбоору – Ecomap электрондук экологиялык картанын презентациясы өткөрүлдү. Дүйнө жүзүндө ийгиликтүү иштелип, жайылтылып жана колдонулуп жаткан программа Кыргызстан үчүн жаңылык болуп саналат. Ошентсе да, иштеп чыгуучулардын тобу- кыргызстандыктар бул идеяны колдоого алышып, экокартаны жаңылоо боюнча өз алдынча активдүү иш жүргүзүшөт деп үмүттөнүшөт.

- Интернет булагында республиканын бардык аймактарындагы экологиялык көйгөйлөр жөнүндө маалыматтар чогултулат. Ар бир каалаган жаран картада ар кандай экологиялык өзгөрүүлөрдү белгилей алат. Бул үчүн каттоодон өтүү жана “Чекитти киргизүү” опциясын тандоо жетиштүү, - дейт “Экологиялык чечимдер интитутунун” директору Наталья Слепченко. Ал өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү аныктоого арналган бул курал, кандайдыр бир деңгээлде баа бербестигин, факттыларды гана документтештиргенин баса белгиледи.

Муну менен бирге, идеянын демилгечилери жаратылышты коргоо чөйрөсүндөгү чечүүнү талап кылган маселелерди көрүнүктүү кылып көрсөтүүнүн натыйжасында мамлекеттик органдар жана муниципалдык кызматтар бузулууларга тез арада көңүл буруп, аларды жоет деп ойлошот.

Азырынча Ecomapта 20 көйгөйлүү аймак белгиленген.

Мурас кыймылы” региондук долбоорлорунун аймактык баш коштуруучусу Гамал Соронкулов алардын айрымдарына токтолду.

Талас облусунда бул көйгөй Үрмарал дарыясынын жайылмасындагы токойдун жок болушу. Ал жерде алтын казуу иштери жүргүзүлгөн. 11 килограмм алтынды алуу үчүн инвестор 625 гектар жерди “кириштеп” жиберген. Жыйынтыгында – мөмө-жемиш бадалдары тамыры менен суурулган. Токойду кайра калыбына келтирүү иштери жөнүндө сөз да болгон жок.

Эколог Кыргызстанда алтын аралашкан кен казуу жерлерин иштетүүгө мораторий киргизиш керек деп эсептейт. Мындан өлкөгө эч кандай пайда келген жок, бирок жаратылышка орду толгус зыян келтирилүүдө.

Дагы бир маселе – күйүүчү-майлоочу заттарды ташуу учурунда төгүлүүсү. Цистерналардын оодарылып кеткени тууралуу окуялар жыл сайын өлкөнүн ар кайсы бурчунда белгиленип келет. Бирок акыркы 15 жылда бир дагы жерде топуракты зыяндуу заттардан арылтуу үчүн жердин рекультивациясы өткөрүлгөн эмес.

Токмоктун жашоочуларын токойлордун кыйылуусу тынчсыздандырып келет. Көп сандаган дарактар балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу үчүн кыйылууда. Өлкө масштабында башка дагы көйгөйлөр бар: ар кайсы жерде жайгашкан таштанды жайлары, абанын булгануусу, уулуу химикаттар көмүлгөн жайлар... Тизмени улантууга сан жетпейт.

Алыс кетпей эле, көп жылдан бери Бишкектин өзүндө шаардын таштанды полигону боюнча маселенин чечилбей келгенин алсак болот. Бул мен биринчи белгилеген электрондук картадагы көйгөй болмок, - деп белгиледи Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков.

Социалдык жоопкерчиликтүү ишкердиктин саясатын карманган ассоциация экология чөйрөсүндөгү бардык жаңылыктарга көңүл буруп келет. Акыркы Ecomapтын презентациясын албетте, жакшы жаңылык деп эсептейт жана бул кызыктуу, керектүү долбоорго өз колдоосун көрсөтүүгө даяр.

Тигил же бул экологиялык көйгөйдү чечүү үчүн абдан чоң күч же укмуштуудай көп акча талап кылынбайт, - дейт Аскар Сыдыков. Мисалы, ошол эле таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушуна болжол менен жалпы 5 миллион доллар гана талап кылынат. Бирок калкынын саны миллиондон ашкан шаар ушунча жыл ичинде көйгөйдү дагы эле чече албай келет жана жыл өткөн сайын абанын сапаты дагы да бузулууда...

Көбүрөк кабатыр кылган маселелерди сиз да республиканын экологиялык картасында көрсөтүңүз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан