Англия Премьер Лигасындагы (АПЛ) "Арсенал" - "Вулверхэмптон" оюнунда коргоочу Давид Луиз менен кагылышып эс-учун жоготкон "Вулверхэмптондун" чабуулчусу Рауль Хименестин ден соолугу калыбына келип, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу "Вулверхэмптон" командасынын башкы машыктыруучусу Нуну Эшпириту Санту билдирген.
"Ал үйүнө кайтып келди. Биз бул билдирүүгө абдан кубанычтабыз. Ал калыбына акырындан келип, кадимки жашоого кайтып жатат" деген Санту.
29-ноябрда өткөн бул оюндун 5-мүнөтүндөгү бурчтан чыгарып берүүдө Давид Луиз менен Рауль Хименес кагылышып, жыйынтыгында Рауль Хименес эс-учун жоготкон. Кийинчерээк анын баш сөөгү сынып, операция жасалгандыгы белгилүү болгон.