Кыргыз мушкери Бекболот Абдылда уулу 19-декабрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өтө турган "ACA Young Eagles" аттуу турнирде жергиликтүү мушкер Мансур Жамбураев менен беттешет.
Эки мушкер орто жеңил салмакта беттешишет. Учурда Бекболот Абылда уулу Махачкала шаарында беттешке кызуу даярданууда.
Бекболот Абдылда уулу карьерасында жалпы 23 беттеш өткөрсө анын 14ү жеңиш алып келген, 9 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын орусиялык атаандашы карьерасында жалпы 9 беттеш өткөрсө анын 7синде жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.