Кечээ, 7-декабрда II Ташкент эл аралык марафонуна катышышкан Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин Ташкенттен Бишкекке кечки авиакаттам менен учуп келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
"Манас эл аралык аэропортунан ата мекендик спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Эрлан Бекманбетов жана жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын ага машыктыруучусу Айбек Сыргакбеков тосуп алышты", - деп билдиришти агенттиктен.
Мария Корбицкая классикалык аралыктагы 42 чакырымды 2 саат 26 мүнөт 42 секундда чуркап өтүп (олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунд) алтын медалга ээ болгон. Муну менен Корбицкая эмдиги жылы өтө турган "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо утту.
Ал эми Илья Тяпкин 42 киллометр 195 метр аралыкта 2 саат 16 мүнөт жана 6 секунд жыйынтыгы менен эркектер арасында экинчи орунду ээлеген.