АПЛ: Жейми Вардинин гол киргизгенден кийинки эмоциясы көпчүлүктү кыжырдантты

Англия Премьер Лигасынын 11-турдук оюнунда "Шеффилд Юнайтед" командасы өз үйүндө "Лестер" командасын кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Оюндун 90-мүнөтүндө "Лестердин" чабуулчусу Жейми Варди дарбазачы менен жекеме жеке чыгып гол жаратты. Андан кийин Варди эмоцианалдуу түрдө талаанын бурчундагы желекти сүрүлүп барып буту менен талкалаган. Вардинин бул кылыгына калыс сары айып кагазын көрсөттү.

Вардинин бул кылыгын көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү кыжырдануу менен кабыл алды. "Бул үчүн кызыл айып кагазын көрсөтүш керек болчу", "Бул үй ээлерин сыйлабастык", "Бул чыныгы профессионал футболчу жасай турган иш эмес", - деп жазышууда социалдык тармактын колдонуучулары.

Вардинин эмоциясы көпчүлүктү кыжырдантты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akoga
2020-12-08 12:51:39
Видеосу эскирип калыптыр
0
PFC-CSKA
2020-12-08 13:09:06
ЛГБТнын желегин теп сындырмак тугул орттоп салыш керек.а так Варди красавчик!!!
+1
Gisi
2020-12-08 14:34:06
Видео кана
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан