Бишкекте зордуктоо кылмышына шектүү жаран кармалды
Бишкекте зордуктоо кылмышына шектүү жарандар кармалышты. Алар жабырлануучунун арызынан кийин көп узабай колго түштү. 22 жаштагы Т.А. милицияга кайрылып, 30-сентябрда саат 10:00 чамасында Бишкектин Фатьянов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен бейтааныш адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул факты боюнча шаардык кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, изи сууй электе 29 жаштагы С.Н. кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.