"Атканда тоодон кашка таң,
Артыкча сонун байкасаң.
Көл болбой эгер кыз болсоң,
Көз тиймек экен капкачан" деп эл акыны Байдылда Сарногоев ырга кошкон тоо коюнунда жайгашкан Сары-Челек көлүнүн ажайып, кооз кышкы көрүнүшүн көпчүлүк көрө элек болсо керек. Анда биз сиздер менен белгилүү сүрөтчү Влад Ушаковдун көлдүн кышкы кереметин чагылдырган сүрөттөрүн бөлүшөбүз.
Сары-Челек биосфералык коругу Аксы районуна караштуу Аркыт айылында жайгашкан. Корук 2016-жылы 17-июлда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Коруктун кооздугу жаңгактуу токою менен Сары-Челек көлү.
Сары-Челек көлүнүн узундугу 7,5 чакырым, туурасы 3 чакырым. Ал эми тереңдиги 250 метр. Айланасында 6 көл бар, алар Ийри-Көл, Ара-Көл, Чөйчөк-Көл, Туюк-Көл, Кыла-Көл жана Бакалы-Көл.