Чемпиондор Лигасы: "Роналду мыкты болду". Криштиану Роналду менен Лионель Месси оюн алдында кучакташты

Бүгүн, 9-декабрь күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы акыркы 6-турдук оюндары өттү. "G" тайпасында каталондук "Барселона" клубу өз үйүндө туриндик "Ювентус" клубун кабыл алып, оюн 0:3 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Оюн алдында атактуу эки футболчу, тагыраагы Криштиану Роналду менен Лионель Месси бири-бири менен кучакташты. Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрү бул жолугушуу эки футболчунун бири-бирине каршы акыркы беттеши болуп калышы мүмкүн экендигин жазышууда.

Эки футболчу бири-бирине каршы жалпы 36 оюн өткөрдү. Анын 16сында Месси жеңүүчү аталса, 11инде Криштиану Роналду. Калган тогуз беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Месси бул оюндарда 22 гол киргизсе Роналду 21 гол киргизген.

"Барселона" - "Ювентус" (0:3);

Голдор: Криштиану Роналду (13,52-м), Уэстон Маккени (20-м).

"Барселона" - "Ювентус" (0:3)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2020-12-09 09:14:38
Видео кошуп койсонуздар болбойбу мен жуктогом тундо
0
aizada2020
2020-12-09 09:18:02
ошо да не видео жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан