Өлкөдө 30 миңден ашуун жаран акысыз укуктук кеңеш алды

Өлкөдө калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы быйыл 30-ноябрдан 5-декабрга чейин өттү. Декаданын негизги максаты – калктын аярлуу катмарынын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, элге укуктук жардам көрсөтүү.

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) кантип көрсөтүлөт?” деген суроого Акжол Калбеков Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ Координациялоо борборунун директору мындай деп жооп берди.

“Аталган борборго жарандардын өзүнөн жана сотко чейики өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар, соттор аркылуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу жөнүндөгү арыздар келип түшөт. Арызды координаторлор карап чыгат. Эгерде ал жарандын арызы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү мыйзамдагы талаптарга туура келсе, ага мамлекеттин эсибинен адвокат дайындалып берилет.”

Акжол Калбековдун айтымында, укуктук жардам декадасы элге кенен маалымат таратууга багытталган, ал эми укуктук жардам үзгүлтүксүз көрсөтүлө бермекчи. 2020-жылдын акыркы 9 айынын жыйынтыгы боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардамды 30 миң 712 жаран алса, квалификациялуу юридикалык жардам 8 миң 716 жаранга көрсөтүлгөн. Ал эми 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардамды 80 миң 881 жаран алган. Көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 14 миң 441 адамды түзгѳн.

Белгилей кетчү нерсе, консультациялык-укуктук жардамга өлкөнүн бардык жарандары укуктуу. Ал эми квалификациялуу укуктук жардам лицензиясы бар адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун координатору Айнура Алымбекова акысыз укуктук жардамды өнүктүүрүү багытында БУУӨП жигердүү иш жүргүзгөнүн айтат.

“Биздин долбоор 2014-жылдан бери Чүй жана Ош облустарында иш алып барып, 13 Акысыз юридикалык жардам борборлорду ачууга, бул багытта мыйзамдарды өнүктүрүүгө салым кошуп келет. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндөгү мыйзамы 2016-жылы кабыл алынып, анда административдик, жарандык иштер боюнча дагы жардам алууга мүмкүнчүлүк берилген. Ага чейинки мыйзамда бир гана кылмыштуулук иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүлчү. Учурда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору негизделип, активдүү иш алып барып жатат. Бул борборго укуктук жардам боюнча бардык сууроолор менен кайрылса болот”.

“Декаданын максаты кайрылган жарандардын ар кандай багыттагы укуктук көйгөйлөрүн чечилишине кеңеш берип, элдин үнүн угуп аларга юридикалык документтерди түзүүгө жакындан жардам берип, укуктук билимин агартуу” – дейт Алай райондук акысыз юридикалык жардам борборунун адвокаты Айнура Ибраижанова. Укуктук жардам алуу үчүн жылына Алай райондук борборго болжолдуу 800дөн ашык жаран кайрылышат. Алыскы райондун адвокатынын айтымында, борборго көбүнчө үй-бүлөлүк, ажырашуу, алимент, ортодогу балдардын ким менен жашайт, пособия, пенсия чыгаруу, жер талаш, зомбулук сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылышат.

Учурда республика боюнча Юстиция министрлигинин 28 акысыз юридикалык жардам борбору (АЮЖБ) иштейт. Борборлордун даректерин шилтемеден алсаңыз болот: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-assistance/where-to-get

Мындан тышкары квалификациялуу юристтерден турган “Тилектештик автобусу” мобилдүү тобу өлкөнүн аймактарын кыдырып, элге юридикалык маселелер боюнча жардамын көрсөтөт. Автобустун кыдыруу графиги менен бул шилтемеден http://minjust.gov.kg/ru/content/1470 же 0312 626210, 188 номер аркылуу ала аласыз.

Ошондой эле “112 ыкчам байланышы” аркылуу акысыз юридикалык консультация алса болот. Чалуу баардык операторлордон бекер.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан