ИИМ кызматкерлери тарабынан зордуктоо фактыларынын бети ачылды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан эки зордуктоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу 1-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга 37 жаштагы Ак-Босого жаңы конушунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 17 жаштагы кызын өз үйүндө белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектелип 21 жаштагы С.Э аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды.  

Ошондой эле милицияга 26 жаштагы А.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 30-сентябрда саат 04:00 чамасында Көлбаев - Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Свердлов райондук милиция кызматкерлери ыкчам чара көрүп, кылмышка шектүү 22 жаштагы Лебединовка айылынын М. А. аттуу жаран кармалды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан