УЕФА уюму бүгүн, 9-декабрда өткөн Чемпиондор Лигасындагы Франциянын "ПСЖ" жана Түркиянын "Истанбул Башакшехир" командаларынын ортосундагы расисттик жаңжал боюнча билдирүү таратты. Билдирүү уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
УЕФА Чемпиондор Лигасынын бүгүнкү "ПСЖ" менен "Истанбул Башакшехир" оюнундагы окуядан кабардар. "Биз бул боюнча кылдат иликтөө жүргүзөбүз. Футболдо расизмге жана басмырлоого орун жок”, - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин, "ПСЖ" - "Истанбул Башакшехир" беттешинде оюнчулар капталдагы калысты расизимге айыптап, эки команда тең оюндун 18-мүнөтүндө талааны таштап кеткендиги кабарланган.