Эльвира Сурабалдиева Байтик айылындагы мектеп окуучуларынын массалык түрдө ууланышын иликтеп чыгууну тапшырды

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Байтик айылындагы мектеп окуучуларынын массалык түрдө ууланышынын себептерин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылындагы мектептин 23 окуучусунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды.

"Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден-соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек", - деп билдирген Эльвира Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда жабыркаган балдардын ал-абалынан кабар алып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан