"Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман оюн учурунда "Ювентустун" оюнчулары менен кайым айтышты

Испаниянын "Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу Рональд Куман бүгүн, 9-декабрь күнү түндө Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 6-турдук оюндун алкагында орун алган туриндик "Ювентус" клубуна каршы оюнда каршылаштарынын алмашуудагы оюнчулары менен кайым айтышты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Ювентус" клубунун алмаштыруудагы оюнчулары калыстан "Барселона" клубунун коргоочусу Клеман Лангленин колу менен ойногондугу үчүн оюндан четтетүүнү талап кылышкан. Буга Куман нааразычылыгын билдирип, алар менен кайым айтышып, "Оозуңарды жаап отургула" деп айткан.

Оюн 0:3 эсебинде туриндиктердин жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
User__unknown
2020-12-09 15:10:23
Рон красавчик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан