Жалал-Абад шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн төрт баланын энеси болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
"Маркум толук кандуу үй-бүлөлүү, 4 баласы бар болчу. Ал эми өзү күрөөкана иштетип жүрчү. Анын сөөгү жерге берилди. Кылмышка шектүүлөр менен тааныш билиши жок болгон", - деп билдирди өздүк булактар.
Бахтигул Базарматова 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова киши колдуу өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Анда шектүүлөр 25-ноябрь күнү сырттан тааныш болгон маркум аялга жолугушуп, саат 16:30 чамаларында Тойота-Авенсис унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү И.Х. өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.
Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.