Бүгүн, 9-декабрдан 10-декабрга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы оюндары өтөт. Анда 4 тайпадагы 16 команда ойнойт.
Оюндардын тизмеси: "А" тайпасы: "Бавария" (Германия) - "Локомотив (Орусия);
"Ред Булл Зальцбург" (Австрия) - "Атлетико Мадрид" (Испания);
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
"В" тайпасы: "Реал Мадрид" (Испания) - "Боруссия Менхенгладбах" (Германия);
"Интер" (Италия) - "Шахтёр" (Украина);
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
"С" тайпасы: "Манчестер Сити" (Англия) - "Марсель" (Франция);
"Олимпиакос" (Греция) - "Порту" (Португалия);
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 02:00дө башталат.
"D" тайпасы: "Аякс" (Нидерланды) - "Аталанта" (Италия);
"Митьюлланд" (Дания) - "Ливерпуль" (Англия);
Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат.
Турнирде фаворит болгон "Реал Мадрид" командасы плей-оффтук баскычка чыгуу үчүн бүгүнкү оюнда сөзсүз түрдө жеңишке жетиши керек.